super.kg logo

Жалал-Абаддагы өлүм менен коштолгон жарылуу: УКМК мэриянын кызматкерлерин кармады    

 

Жалал-Абадда адам өлүмү менен коштолгон жарылууга байланыштуу шаар мэриясынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин жетекчилиги менен айрым кызматкерлер муниципалдык жерлерди тийиштүү уруксат документтери жок пайдаланууга беришкени аныкталган.

"13-июлда аталган соода түйүндөрүнүн биринде газдалган суу чыгаруучу газ баллондук жабдыктарда жарылуу болуп, анын кесепетинен бир сатуучу каза болгон. Бир нече адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алган", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, аталган департаменттин директору жана инспектору И.К. жана А.Т., ошондой эле күркөнүн ээси М.З. кармалган. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул окуяга жооптуу башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө, тиешелүү ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары Жалал-Абад шаарынын аймагында муниципалдык жер участокторун мыйзамсыз берүү фактыларын текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөнү маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: