Коңшу Өзбекстан селден кийин Ошко жардам жөнөттү





Бүгүн, 16-июлда селден жабыркагандар үчүн Ош шаарына Өзбекстандан гуманитардык жардам келди.
Шаардык мэриядан билдиргендей, жүктү "Достук" чек ара бекетинен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышкан. Жардамды Анжиян облусунун губернатору Шухратбек Абдрахманов коштоп келген.
"13 жүк ташуучу унаа менен келген гуманитардык жардамдын салмагы 200 тонна. Анда курулуш материалдары, кийим-кече, гигиеналык каражаттар жана азык-түлүк бар", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 14-июлда нөшөрдөн улам Ош шаарын жана Ош облусун сел каптаган. Жүздөгөн үйлөрдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен. Шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кеткени кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.