Өлкөдө сырттан ташылып келген смартфондор каттоого алына баштады
Кыргызстанда 25-июндан тарта бардык байланыш каражаттарын (смартфондор, планшеттер жана башка) милдеттүү түрдө каттоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маанилүү түшүндүрмө: жергиликтүү байланыш операторлорунун (Mega, Beeline, «О!») активдештирилген SIM-карталары бар бардык телефондор Мамлекеттик идентификациялоо системасында автоматтык түрдө катталат.
Жеке жана юридикалык жактар өлкөгө алынып келинген аппараттарды тез арада каттоодон өткөрүшү керек. Каттоо бекер, смартфондордун IMEI коддорунун тизмеси importer@imei.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.
*IMEI код – SIM-карта менен иштеген ар бир чөнтөк телефонго ыйгарылган эл аралык уникалдуу номер. Уюлдук телефондун IMEI кодун телефонуңуздан *#06# деп терип билсеңиз болот.
“Кыргызстандын аймагында сатылып жаткан уюлдук телефондорду алган жарандар каттоого муктаж эмес. Азыр айтылып жаткан каттоо талабы сырттан алып келип сата тургандар тарабынан өлкө аймагына кирер замат сатып баштаганга чейин аткарылышы керек”, - деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда сырттан ташылып келген байланыш каражаттар каттоого алына баштады

