Армениянын премьер-министри Пашинян Берлинде велосипед менен көрүндү
Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды жергиликтүүлөр Берлин шаарында велосипед тээп бара жаткан жеринен көрүштү. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.
Көп өтпөй Пашинян социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бул боюнча билдирүү жасаган. Анда ал велосипед менен жүргөн чын эле өзү экенин жашырган эмес.
"Бүгүн Берлинде веложүрүш болуп өттү", - деди Пашинян.
Белгилей кетсек, Никол Пашинян 15-июлдан 12-августка чейин эс алууга чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.