super.kg logo

Бишкекте жабылып жаткан жолдор толугу менен качан ачылат? Мэрия жооп берди

 

Бишкек мэриясы шаардын борборундагы оңдоодон өтүп жаткан көчөлөр качан ачылары тууралуу маалымат берди.

Мэриянын маалыматына ылайык,
20-августка чейин Ахунбаев көчөсүн Манас проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин, ошондой эле Абдрахманов көчөсүн Аалы Токомбаевден Жибек Жолуна чейин бүтүрүүнү пландап жатышат.

18-июлда Чүй проспектиси Манас проспектисинен Төрөкул Айтматовго чейинки бөлүгүн жарым-жартылай жабуу менен иш башталып, ишти 20-сентябрга чейин бүтүрүү пландалууда.

Жибек Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан даткага чейинки бөлүгүндөгү иштерди аяктоо 10-15-октябрга чейин пландалып, мөөнөт проспектинин узундугун жана туурасын, ошондой эле аба ырайынын шарттарын эске алуу менен белгиленген.

Ошондой эле бүгүн, 16-июлда биринчи этап менен Юнусалиев көчөсү Сухэ Батор көчөсүнөн Сүйөркуловго чейин жабылды.

Капиталдык оңдоо иштери Сухэ Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин пландалууда.

Ошондой эле Манас проспектисинен 7-апрелге чейин Горький көчөсүн бойлой капиталдык оңдоо иштери пландалууда.

"Курулуш мезгилин рационалдуу пайдалануу максатында көчөлөрдүн айрым участоктору бекитилген графиктен алда канча эрте жабылган. Ремонт иштери графиктен 18-20 күн алдыда жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, иштин жүрүшүн такай көзөмөлдөө максатында жумуш жүрүп жаткан көчөлөргө онлайн камералар орнотулган", - деп билдиришти мэриядан.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: