super.kg logo

"Тирүү эч ким көрө элек". Жаңы Зеландияда эң сейрек кездешкен киттин өлүгү табылды

 

Жаңы Зеландиядагы окендын жээгинен дүйнөдө эң сейрек кездешкен киттин өлүгү табылды. Бул тууралуу BBC жазды.

Андагы маалыматка ылайык, китти жээкке чыккан. Сүт эмүүчүнүн бул түрү дүйнө жүзү боюнча эң сейрек кездешет жана бул китти тирүү эч ким көрө элек. Күрөк тиштүү киттер ири сүт эмүүчүлөрдүн эң аз изилденген түрлөрүнүн бири. Окумуштуулардын айтымында, табылган кит киттердин бул түрү жөнүндө көбүрөөк билүүгө жардам берет.

1800-жылдардан бери дүйнөдө киттин бул түрүнүн 6 гана өлүгү табылган. Алардын 5өө Жаңы Зеландияда катталган.

Киттердин бул түрү 1874-жылы сүрөттөлгөн. Бирок 2010-жылга чейин окумуштуулар Жаңы Зеландияда табылган скелет калдыктарына гана таяна алышкан. 2010-жылы эне менен баласынын биринчи бүтүн калдыктарын, 2017-жылы дагы бир өлүгүн табышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: