super.kg logo

“Турак жайларды камсыздандырыш керек”. Президент селден жабыркагандарга жардам болорун айтты

 

Селден жабыркагандарга мамлекет тараптан жардам көрсөтүлөт. Мындай пикирин бүгүн, 17-июлда президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Ал турак жайларды камсыздандыруу менен табият кырсыгынан жабыркагандарга мамлекет тарабынан жардам берүү жеңил жана бат боло тургандыгын белгиледи.

“Комиссия түзүп, жеринен көрүп текшерип чыккыла, жабыркагандарга мамлекет тараптан кандай жардамдарды беришибиз керек экен, сунуш киргизгиле” деп Акылбек Үсөнбековичти жибергем.

Эми эл-журт дагы турак жайларын камсыздандырып, каттап койгонду үйрөнүш керек. Камсыздандырылган үй болсо селденби, жер титирөөдөнбү, өрттөн же табияттын башка кырсыгынан жабыркап калса, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы тез арада толук ордуна тургузуп берет эле.

Ошондуктан учурдан пайдаланып бардык жарандардан мамлекеттик камсыздардыруу компаниясына мүлктөрүңөрдү каттаткыла дейт элем. Көп деле акча болбойт. Кокус кырсык болсо камсыздандыруу компаниясы мүлкүңөрдүн ордун толук толтуруп берет. Ал – мамлекеттик компания. Мамлекеттин көзөмөлүндө болот”, - деп билдирди өлкө башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: