super.kg logo

УКМК: "Айрым белгилүү блогерлер жана активисттер тарабынан абийирсиз иш-аракеттер байкалууда"

 

Бүгүн, 17-июлда УКМК соңку убакта айрым белгилүү блогерлер жана активисттер тарабынан абийирсиз иш-аракеттердин фактылары байкалып жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, алар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, материалдык сый акы үчүн жарандардын ар кандай маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү убада кылышууда.

"Атайын кызматтын башчысы УКМКнын кабылдамасына берилген жарандардын арыздарын жана кайрылууларын, ошондой эле Мамлекеттик комитеттин электрондук почтасын "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзамдын ченемдерине ылайык карайт.

Буга байланыштуу УКМК ар кандай абийирсиз адамдар тарабынан алдамчылык фактыларына жол бербөө максатында, коомчулукту билип туруп мыйзамсыз аракеттерди колдонбоого, мыйзамда белгиленген тартипте УКМКнын дарегине кайрылууга чакырат. УКМК төрагасы менен тааныштыкка жана башка байланышка жамынган адамдар тарабынан алдамчылык аракеттерден жабыр тарткан жарандарды 0-312-62-05-85 номерине кайрылууга чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: