Бишкек мэриясы Абдрахманов көчөсүндөгү оңдоо иштери тууралуу маалымат берди (видео)
Жусуп Абдрахманов көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган көчөнүн Аалы Токомбаевден Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки аралыгында жолду реабилитациялоо боюнча негизги жумуштар аяктаган.
Ал эми Жоомарт Бөкөнбаевден Москва көчөсүнө чейин эки катмар асфальт басылды.
"Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин бир катар асфальт басылган.
Токтогул көчөсүнөн Жибек Жолуна чейинки аралыкта асфальт басууга даярдык жумуштары жасалууда", - деп айтылат маалыматта.
Жусуп Абдрахманов көчөсүндөгү оңдоо иштери тууралуу маалымат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.