super.kg logo

Күндүн бетинде жогорку жарылуу болгондугун орус окумуштуусу билдирди

 

Кечээ, 16-июлда Күндүн бетинде жай айынын эң күчтүү жарылуусу болгон. Бул тууралуу Орусия илимдер академиясынын Космос изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясынын жетекчиси Сергей Богачев орус басылмаларына берген маегинде билдирди.

Андагы жайылган жалын июнь айынан бери тутумдагы бардык жарылуулардан ашып кетти, бирок циклдеги максималдуулукка жеткен эмес.

«Күн тутумунда эки күндүн ичинде эң жогорку X даражасындагы экинчи жарылуу болгон. Окуяга X1,9 деген балл берилди. Ал циклдеги рекорддук окуядан болжол менен төрт эсе азыраак болуп, 14-майда болгон жарылууга жеткен эмес. Ошентсе да бүткүл жай мезгилиндеги Күн бетиндеги эң чоң окуя болуп калды», - деди окумуштуу.

Богачевдин айтымында, күндүн активдүүлүгү 12-июлдан тарта күчөй баштаган. Төрт күндүн ичинде ондон ашык М жана эки жолу эң жогорку X жарылуулары катталган.

"Кубулуштун кесепеттери күндүн акырына чейин байкалат. Бирок Күн массаларынын Жерди көздөй учуп чыгышы боюнча азырынча маалымат жок", - деп жыйынтыктады Богачев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: