Оманда мечитте атышуу орун алып, 4 киши набыт болду
Омандын борбору Маскат шаарынын Вади аль-Кабир аймагындагы мечиттин жанында атышуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Полициянын маалыматы боюнча, окуянын кесепетинен кеминде 4 адам каза болуп, бир нечеси жарадар болгон. Пакистандын Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун арасында эки пакистандык жаран бар экенин ырастады.
Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мумтаз Балуч окуяны “террордук чабуул” катары сыпаттады жана 30 киши жарадар болгонун билдирди. Ал каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
Окуяга байланыштуу АКШнын Маскаттагы элчилиги өз жарандарына "АКШ жарандары сак болуп, жаңылыктарга көз салып, жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн аткарышы керек" деп эскертти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.