super.kg logo

Айрым жапайы жаныбарларга аңчылык кылгандарга айып пулдун суммасы көтөрүлдү

 

Жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылгандарга айып пулдун суммасы өстү. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Айып пулдун көлөмү:

  • Ак илбирс - 2 миллион сом (1,5 миллион сом болчу);
  • Аркар, күрөң аюу, марал (бугу), жейрен - 1,5 миллион сом (1 миллион сом болчу);
  • Тоо теке - 300 миң сом (100 миң сом болчу);
  • Элик - 100 миң сом (мурун 50 миң сом болгон).

"Айып пулдардын өлчөмүн көбөйтүүнүн негизги максаты - өсүмдүктөрдү жана фаунаны коргоонун натыйжалуу системасын түзүү", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрлик бул жаныбарларга аңчылык кылгандар тууралуу маалымат бергендерге айыптын жарымы сый акы катары берилерин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: