super.kg logo
  Саясат  

 Акылбек Жапаров Катардын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Маррини кабыл алды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу, соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү жана медицина тармагындагы бейтапкана долбоорун ишке ашыруу сыяктуу бир катар эки тараптуу маселелерди сүйлөштү.

Ошондой эле Жапаров өткөн жылы Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль-Танинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары кыргыз-катар мамилелеринде тарыхый, саясий мааниси бар экенин белгиледи. Сапардын алкагында ондон ашуун документке кол коюлган, буга байланыштуу жетишилген бардык макулдашууларды ырааттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жай тармагындагы жана мамлекеттик социалдык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууну сунуштады.

Ал эми элчи Катар Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө дайым умтуларын ырастады. Сүйлөшүүнүн соңунда Акылбек Жапаров Катардын элчисине Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын жүрүшүндө, эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн бул кызматында ийгиликтерди каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: