Бишкекте сел жүрүү коркунучу: Мэр жыйын өткөрдү




Бүгүн, 17-июлда Бишкек мэри Айбек Жунушалиев жарандык коргонуу боюнча штабдын жыйынын өткөрүп, анда өзгөчө даярдыктагы режим жарыялаганын билдирди.
Мэриянын басма сөз кызматынан билдиргендей, ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары Алтынбек Тухтаров Ала-Арча капчыгайындагы абал, Адыгене көлү тууралуу маалымат берди. Картада чөгүп кетиши мүмкүн болгон жерлер да көрсөтүлгөн. ӨКМ аталган көл учурда коркунуч жаратпай турганын маалымдаган.
Ал эми Илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору Догдурбек Чонтоев Адыгене көлү коркунуч туудурбай турганын, бирок тобокелдиктердин булагы боло турган тайыз көлдөр бар экенин айткан.
"Ал болжол менен июлдун ортосу жана августтун башы сел кооптуулугу күчөгөн учур экенин божомолдогон. Буга байланыштуу мониторинг жүргүзүп, көзөмөл кылуу кызматтары тарабынан тийиштүү иштерди улантуу керек.
Жетекчилерге атайын техника бере ала турган курулуш уюмдарынын күчүн, каражаттарын изилдеп чыгуу тапшырмасы берилди", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле төрт райондун акимдерине кооптуу аймактарда күзөт уюштуруу тапшырмасы берилгендиги кошумчаланды.

