super.kg logo
  Саясат  

Эми чет элдик жарандар Ысык-Көлдөн үйлөрдү жана коттедждерди сатып ала алышат

 

Президент Садыр Жапаров “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 12-июнда кабыл алынган.

Мыйзамда жер участокторун кошпогондо, рекреация объекттерин чет өлкөлүк жактарга жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга жеке менчикке берүүгө багытталган түзөтүүлөр каралган.

Ошону менен бирге, рекреация объекттери катары пайдаланылган жер участоктору Министрлер кабинети тарабынан аныкталган тартипте мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга бериле тургандыгы белгиленген.

«Пляждык аймактарга кирүүнү камсыз кылуу жөнүндө» президенттин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 жарлыгына ылайык пляждык аймактарга кирүүгө эч кандай чектөөлөр коюлбайт.

Буга байланыштуу кабыл алынган мыйзамда пляждык зоналарга кирүү маселелерин жөнгө салган “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамдын 20-беренесинин 9-бөлүгүн күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: