Кыргыз клубу бразилиялык футболчу менен келишим түздү
Канттык "Абдыш-Ата" футболдук клубу бразилиялык Лукас Баретто аттуу футболчу менен келишим түздү. Мындай маалыматты клубдун басма сөз кызматы таратты.
28 жаштагы жарым коргоочу канттык клуб менен ушул жылдын аягына чейин келишим түзгөн. Ал клубда 95-катар саны менен ойнойт.
Буга чейин бразилиялык футболчу Черногориянын "Жезеро" клубунда ойногон.
"Абдыш-Ата" футболдук клубу Босния жана герцеговиналык футболчу Алекса Мрджа менен келишим түзгөн. Ал футболчу клубда 2 гол киргизгенге жетишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.