super.kg logo
  Спорт  

Чүйдө республикалык ат чабыш марафону өтүп жатат (фото)

 
Кечээ, 17-июлда "Көчмөндөр жүрүшү" республикалык ат чабыш марафону старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы байге фонду 2 миллион сомду түзгөн бул марафон 20-июлда жыйынтыкталат.
"Чабандестер 300 чакырым аралыкка (4 этапка бөлүнгөн, ар бири 75 чакырым) күч сынашат.
Марафондун биринчи күнүндө катышуучулар Ата-Бейиттен баштап, Арчалы аркылуу Белек ипподромуна чейин, андан кийин Белогорка аркылуу Асылбашка чейин ат чабышты.
Экинчи күнү Асылбаштан Сосновка аркылуу Сары-Булакка жана Кайыңдыга, үчүнчү күнү Кайыңдыдан БЧКга чейин, андан соң БЧК бою менен Беловодскко, андан ары Беловодск ипподромуна чейин чабышат. Ал эми төртүнчү күнү Беловодск ипподромунан Белек ипподромуна жана андан ары Байтикке чейин барышат", - деп жазылат анда.
Мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү дирекциясы жана "Көчмөндөр жүрүшү" ат чабыш федерациясы тарабынан өтүп жатканы маалымдалды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: