super.kg logo

Францияда Олимпиада учурунда хиджаб кийүүгө тыюу салынганына нааразычылык күч алууда

 

Францияда өлкөнүн олимпиадалык курама командасынын спортчуларына Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына хиджаб кийүүгө өкмөттүн тыюу салганына байланыштуу нааразычылык күч алууда.

Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) Париждеги Олимпиада оюндарында француз спортчу кыздарына хиджаб кийүүгө тыюу салуу француз бийлигинин “басмырлоочу эки жүздүүлүгүн” жана Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) "жийиркеничтүү алсыздыгын" ашкерелегенин билдирди. Баяндамада жоолукка тыюу салуу адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдарга каршы келери айтылат.

Былтыр 24-сентябрда Франциянын спорт министри Амели Оудеа-Кастера Францияда 2024-жылы 26-июлдан 11-августка чейин өтө турган Олимпиада оюндарына француз делегациясынан эч кимге жоолук салынууга уруксат берилбей турганын билдирген. Бир нече күндөн кийин ЭОК чектөөлөр башка өлкөлөрдүн атынан чыккан спортчуларга колдонулбай турганын тактаган.

Франциялык спортчу кыз-келиндерге Олимпиада учурунда хиджаб кийүүгө тыюу салуу чечими адам укуктары боюнча эксперттердин катуу сынына кабылып, интернетте нааразычылыктарды жаратып, айрым социалдык тармактардын колдонуучулары мелдешке бойкот жарыялоого чакырышты.

Октябрда БУУнун адам укуктары боюнча алты эксперти Франциянын бийлигине кат жолдоп, тыюу мусулман аялдар менен кыздардын “спортко катышуу” укуктарын бузат жана “аларга карата сабырсыздык менен дискриминацияны күчөтүшү мүмкүн” деген тынчсыздануусун билдиришкен.

Amnesty International уюму тарабынан каралып чыккан Европанын 38 өлкөсүнүн ичинен Франция хиджаб кийүүгө тыюу салуу улуттук мыйзамдарда же спорттун жеке эрежелеринде бекитилген жалгыз өлкө.

"Хиджабга тыюу салуу менен Олимпиаданы кабыл алуучу өлкө өзү катышкан адам укуктары боюнча эл аралык келишимдер боюнча көптөгөн милдеттенмелерди, анын ичинде аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жана расалык дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча эки конвенцияны, ошондой эле өзүнүн ЭОКтун адам укуктары системасында белгиленген милдеттенмелерин бузууда", - деп айтылат уюмдун баяндамасында.

Францияда чиркөө менен мамлекет 1905-жылдан бери расмий түрдө бөлүнгөн. Мыйзам мамлекеттик кызматкерлерге "диний кийимдерди" ачык кийип жүрүүгө тыюу салат. Ал эми мындай чектөө мамлекеттик мектептерде, колледждерде жана лицейлерде 2004-жылдан тарта киргизилген.

Акыркы жылдары бул тыюу спортчуларга да жайыла баштап, коомдо талаш-тартыштарды жаратууда. Көптөр бул чектөө мусулман коомчулугунан аялдарды коомдук турмуштун түрдүү чөйрөлөрүнө, биринчи кезекте спортко активдүү катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат деп эсептешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.07.2024. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хиджаб кыздардын жашоодогу көйгөйүн чечпейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: