Күрөш боюнча өспүрүм кыздар курамасы Азия чемпиондугунда 4 медаль жеңди
Таиландда өтүп жаткан Азия чемпиондугунда кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда 4 медаль жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.Маалыматка ылайык, кыз-келиндер күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасы (U-15) Сирача шаарында 4 медаль (1 алтын, 3 коло) жеңишти.
"42 килограммга чейинки салмакта Асел Токтосун кызы алтын медалга ээ болду. Айдеми Асангазиева (46 килограмм), Аяна Асылбекова (50 килограмм) жана Асема Айтмырсаева (62 килограмм) 3-орунду ээледи", - деп жазылат анда.
Курама команда машыктыруучу Нурсултан Аскарбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















