Ооганстанда жаандан улам сел жүрүп, 40 киши каза болгондугу айтылды



Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясында болгон суу ташкынынан кеминде 40 киши набыт болуп, 347 киши жаракат алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Шарафат Заман билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгиленгендей, 400дөй үй талкаланып, 60 электр мамылары кулаган. Келтирилген зыянды аныктоо иштери уланууда.
“Жабырлануучуларга керектүү медициналык жардамдар берилген. Гуманитардык жардамдарды жеткирүү эл аралык уюмдар менен биргеликте жүргүзүлүп жатат. Нангархар провинциясындагы сел катуу жааган жамгырдан улам келип чыккан”, - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.