super.kg logo

Бишимбаев колонияда кандай жумушка орношо ала турганы белгилүү болду

 

Буга чейин жубайын кыйнап өлтүрүп соттолгон Куандык Бишимбаев түзөтүү абагына келгенден кийин кандай жумушка орношо аларын Казакстандын Ички иштер министрлигинин Жаза аткаруу комитетинин төрагасы Теңизжан Жанибеков айтып берди.

"Ооба, биз жумушка орноштурабыз. "Энбек" республикалык мамлекеттик ишканасынын жыгач усталыгына жана темир ширетүүчүлүгүнө иштей алышат. Ар бир мекемеде иш менен камсыз кылуу бөлүмү бар", - деди Жанибеков брифингдердин биринде.

Түзөтүү системасынын төрагасынын айтымында, Бишимбаев колонияга келгенден кийин 15 күн карантинде болот.

"Адаттагыдай эле соттолгондорду изилдеп, тиешелүү отрядга жайгаштырабыз. Андан кийин аны менен тарбия иштери жүргүзүлүп, психологдор иштешет. Ошондой эле аны менен катардагы соттолгондор сыяктуу эле комплекстүү чаралар көрүлөт", - деп түшүндүрдү Жанибеков.

Эске салсак, 13-майда Астана шаарында жубайы Салтанат Нукенованы кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөн делген Куандык Бишимбаевдин резонанстуу иши боюнча соттук отурум аяктап, судья мурдагы министрди 24 жылга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: