Кыргызстандык кондитер Сабинанын 7 кабат торту дүйнөнү таң калтырууда (видео)
Кыргызстандагы белгилүү кондитер Сабина Темиралиеванын эмгеги дүйнөгө таанылууда. Ал мультфильм каармандарына байланыштырып жасалган 7 кабаттуу тортунун видосун бир жума мурун өз социалдык баракчасына бөлүшкөн.
Акыркы бир жума аралыгында эле ал тасма 24 миллиондон ашык көрүүчү топтоп, 1,5 миллиондон ашуун “жактыруу” белгисин алган. Ошондой эле дүйнө жүзү боюнча суктанып, комментарий калтыргандардын саны 6 миңден ашты.
Темиралиева бул тортту жасоого төрт күн жумшагандыгын айтып, видеонун алдына “бардык эмоцияларыңызды, атүгүл башында терс көрүнгөн сапаттарыңды да кабыл алууну үйрөнүү маанилүү. Бул өзүн-өзү кабыл алуу жана таануу” деген билдирүү калтырган.
Ал эми 7 кабаттуу торт ТикТок ааламына белгилүү болгон лондондук блогер Ричард Сэйлзди (ichardsalesofficial) да кайдыгер калтырган эмес. Ал өз баракчасына кыргызстандык кондитерди белгилеп, видеону бөлүшкөн. Азырынча ал тасма 5 миллиондон ашык көрүүчү топтой алды. Жана да катталуучуларынын суктанып жазган комментарийлеринин саны миңдеп саналат.
Кыргызстандык кондитер Сабинанын 7 кабат торту дүйнөнү таң калтырууда

