super.kg logo

Франция 4000 адамды Олимпиадага катышуудан четтетти

 

Франция 4000ден ашык адамды Олимпиадага катыштырбоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Парижде өтө турган Олимпиада оюндарынын алдында Ички иштер министрлиги иш-чаранын коопсуздугуна коркунуч келтире турган адамдардын тизмесин түздү - алар Олимпиада жана Паралимпиадалык оюндарга катышуучулардын катарынан чыгарылды.

Француз бийлиги бардык катышуучулар менен конокторго бир миллионго жакын иликтөө жүргүзгөн. 870 миңден ашык административдик иштин масштабдуу аудитинин натыйжасында дээрлик 4 миң адам бардык олимпиадалык иш-чараларга катышуудан четтетилди.

Франциянын CGTN Francais маалымат агенттигинин маалыматына караганда, ички иштер министри Жерар Дарманин жалпысынан 3922 адамдын коопсуздукка коркунуч туудурганы аныкталганын, ошондуктан өлкө бийлиги аларды алдыдагы эл аралык иш-чараларга катышуудан четтетүүнү чечкенин жарыялады.

Олимпиада оюндарына жалпысынан 1 миллионго жакын адам, анын ичинде спортчулар, машыктыруучулар, журналисттер, волонтёрлор, коопсуздук кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышат. Алардын баарында олимпиадалык жайлардын ичине кириш үчүн QR коду болушу керек.

Белгилей кетсек, Олимпиаданын ачылыш аземи 26-июлда Сена дарыясында өтөт. Мелдеш 11-августка чейин уланат.

Ушул дем алыш күндөрү 130 миңден ашык полиция жана жандарм мобилизацияланат. Ачылыш аземи стадиондун сыртында өткөрүлгөн биринчи олимпиадалык иш-чара болот жана аны 45 миңден ашык полиция кызматкерлери кайтарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: