super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Namba Food Яндекс Go тиркемесинин бир бөлүгү болуп калат

 

Namba Group компаниясы Namba Food фудтех-долбоорунун активдерин Яндекске сатат жана Кыргызстандын ички каржы түзүмүн өнүктүрүү долбоорлоруна басым жасайт. Бул жөнүндө Namba Food сайтында жарыяланган.

Келишим ишке ашкандан кийин тамак жеткирүү сервиси Яндекс Go Тамак бренди менен өнүгүүсүн улантат.


Namba Group компания үчүн стратегиялык болуп саналган долбоорлорго, анын ичинде, финтех-сервистерди түзүүгө жана өнүктүрүүгө көңүл бурат. Компания калк жана бизнес үчүн рынокто жетиштүү сандагы төлөм инструменттерин көбөйтүүнү, финансылык продукттарды жана электрондук коммерцияны өнүктүрүүнү пландап жатат.

Namba Food Кыргызстандын рыногундагы биринчи фудтех-долбоор болгон жана көптөгөн өнөктөштөрдүн ишенимине жетишкен. Эми биздин өнөктөштөрдүн кафелери жана ресторандары Яндекс Go платформасынын технологиялык жана маркетингдик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен өнүгө алышат. Бул кардарлар үчүн сунуштарды персонализация кылуу, буйрутмаларды бөлүштүрүү жана маршрут түзүү алгоритмдеринин эсебинен натыйжалуу жеткирүүнү камтыйт”, - деди Namba Group компаниясынын өнүгүү боюнча директору Игорь Костыря.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: