super.kg logo

MBANK Кыргызстандагы банктардын ичинен биринчилерден болуп эл аралык төлөмдөр жаңы кызматын ишке киргизди

 

Коммерциялык банк Кыргызстан" ААК | MBANK финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет жана 160 өлкөгө тез акча которуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Жаңы сервистин жардамы менен Банктын кардарлары чет өлкөлөрдөгү мобилдик капчыктарга жана карта номурлары аркылуу банк эсептерине эл аралык которууларды жөнөтө алышат.

Мында эл аралык которууларга байланыштуу татаал процесстер кыйла жеңилдетилген.

«Биз кардарларыбызга акча каражаттарын тез, үзгүлтүксүз жана коопсуз жөнөтүүгө мүмкүндүк берген жаңы эл аралык которуу кызматын сунуштоого кубанычтабыз. Муну менен биз кардарларыбызга Кыргызстандын аймагында гана эмес, эл аралык кызматташтыкты да кеңейтебиз», - деп билдирди MBANKтын стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү боюнча директору Марат Торалиев.

Жаңы кызматты колдонуу үчүн:

  • MBANK тиркемесин ачып, "Төлөмдөр" бөлүмүнө өтүңүз
  • “Которуулар” → “Башка өлкөгө” категорияларын тандаңыз
  • “Которуунун түрү” баскычын басыңыз
  • Андан соң төлөм кызматын тандаңыз

Комиссиянын өлчөмү банктын өнөктөшүнө жана которуунун түрүнө жараша болот. Так тарифтер, шарттар жана комиссиялар менен банктын www.mbank.kg. расмий сайтынан толук тааныша аласыз.

MBANK – Биринчи санарип!

КР УБнын лицензиясы №014.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: