Өрнөктөгү үрөй учурган кырсык: Ооруканадагы 11 жаштагы бала менен 9 жаштагы кыз дагы каза болду
Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында болгон жол кырсыгынан ооруканада жаткан дагы эки өспүрүм каза болду. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктаган.
Кырсык кечээ,17-июлда Өрнөк айылында болгон. Анда Toyota Avensis унаасы менен артынан келе жаткан Mercedes-Benz W210 унаасы сүзүшкөн. Toyota Avensis унаасынын айдоочусу, анын жубайы жана 9 жаштагы небереси каза болгон. Ал эми экинчи унаанын айдоочусу жана 2 жүргүнчү денелеринен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Унааны 20 жаштагы бишкектик жигит башкарып бара жаткан.
Кийинчерээк каза болгондор Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси жана алардын 9 жаштагы небереси экени айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.