super.kg logo

Мессини француздардан кечирим суроого чакырган аргентиналык чиновник кызматынан алынды

 

Аргентинанын президенти Хавьер Милея атактуу футболчу Лионель Месси өлкөнүн улуттук курама командасынын оюнчуларынын Франция курама командасынын оюнчуларына карата айткан расисттик сөздөрү үчүн кечирим сурашы керектигин айткан спорт департаментинин башчысынын орун басары Хулио Гаррону кызматтан алды. Бул тууралуу Аргентина президентинин басма сөз кызматы билдирди.

"Президенттин аппараты маалымдайт, дүйнөнүн чемпиону жана Америка Кубогунун эки жолку жеңүүчүсү болгон Аргентина курамасына эч бир өкмөт башка жарандардай эле кантип сүйлөөнү, эмнени ойлонууну же эмне кылууну айта албайт. Ушул себептен улам Хулио Гарро орун басарлык кызматтан алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Хулио Гарро "UrbanaPlay" радиосуна берген маегинде Месси Аргентина футбол ассоциациясынын президенти сыяктуу эле бул учурда кечирим сурашы керек экенин айткан.

Америка Кубогунун финалында Колумбияны жеңгенден кийин аргентиналык футболчулар социалдык тармактарда Франция курама командасынын оюнчуларына карата расалык кемсинткен ыр жаңырган видеону таратышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: