Бишкектеги жол оңдоо: Дагы 5 автобус каттамынын кыймылы өзгөрдү (схема)
Бишкек шаарынын борборундагы жолдорду оңдоп-түзөодөн өткөрүүгө байланыштуу дагы 5 автобустун жүрүү схемасы убактылуу өзгөрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Бүгүн, 18-июлда Абдрахманов көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылды. Ошондой эле Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилиши.
Мындан тышкары, Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылды.
Буга байланыштуу №12, 31, 145, 195 жана 226-автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү.
Кыймыл чийменин схемаларын төмөнкү шилтемеден табууга болот:
https://bishkek.gov.kg/ky/post/29637
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.