Орусиялык альпинист Ленин чокусуна чыгып баратып каза болгону айтылды
Кечээ, 18-июлда Кыргызстандын Чоң-Алай районунда жайгашкан Ленин чокусуна чыгып бараткан альпинисттердин арасынан, Орусиядан келген Евгений Банников каза болгон. Ал Челябинск облусунун Златоуст шаарынан келген. Бул тууралуу анын бир тууганы Наталья Банникова орус басылмаларына билдирди.
Анын айтымында, учурда анын сөөгүн каза болгон жерден Ош шаарына эвакуацияланууда.
“Евгений аттуу досу аны менен бирге болгон. Кеткен чыгымдардын баарын төлөп, жардам берүүдө. Ошто соттук-медициналык экспертизадан кийин маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү, же ошол жакта эле жерге берүү маселеси каралат”, - деп билдирген бир тууганы.
Айта кетсек, Евгений Банников Орусияда акын, композитор жана альпинист катары белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.