Сириядагы качкындар лагерлеринен 22 кыргызстандык мекенине кайтарылды
Бүгүн, 19-июлда Сириянын түндүк-чыгышындагы качкындар лагерлеринде жүргөн Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча кезектеги “Айкөл-6” гуманитардык миссиясы ишке ашырылды. Натыйжада 8 аял киши жана 14 жашы жете элек балдар мекенине ийгиликтүү алынып келинди. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, гуманитардык миссия мамлекет башчысынын жана Министрлер кабинетинин жарандарды мекенине тез арада репатриациялоо боюнча койгон милдеттерине ылайык ишке ашырылды жана Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн түздөн-түз колдоосу менен уюштурулган.
“Аталган миссиянын жүрүшүндө кыргыз делегациясы мекендештер менен жолугушууларды өткөрүү жана идентификациялоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн “Аль-Хол” лагерин зыярат кылды. Сириядагы атайын лагерлерде кармалып турган кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча атайын операцияны өткөрүүдө көрсөтүлгөн ар тараптуу жардам жана бул гуманитардык процесске логистикалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн америкалык тарапка, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондуна (ЮНИСЕФ) жана башка эл аралык өнөктөштөргө кыргыз тарап өзгөчө ыраазычылык билдирет”, - деп айтылат маалыматта.

