Оштун 2 районундагы нотариустар пара алып жатканда кармалды









Ош облусунун райондорундагы 2 нотариус пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Араван жана Алай райондорунун мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин Б.Г. жана И.Л. аттуу нотариустары нотариалдык документтерди алууда жарандарга жасалма кыйындыктарды жаратып, алардан акча талап кылып келишкен.
Атайын кызмат бул факты боюнча "Пара талап кылуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
"10-майда жана 17-июлда козголгон кылмыш иштеринин алкагында жогорудагы кызматкерлер кайрылган адамдардан акча өндүрүп жатканда кармалды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.