super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева кыз-келиндерге аяр мамиле кылууга чакырды

 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева кыз-келиндерге аяр мамиле кылууга чакырып, ооруканада каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнөн кийин тынчсыздануу менен кайрылуу жасады.

Акыйкатчы институтунан билдиргендей, Жамиля Жаманбаева ар бир үй-бүлөгө жаңы келген келинди өз кызындай кабыл алып, аяр мамиле кылууну өтүнгөн.

"Акыркы учурларда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган келиндерден даттануулар көбөйүүдө. Алар кордолуп, укуктары бузулуп, аянычтуу тагдырга туш келип жатышат. Аны менен катар элибизде орчундуу көйгөй жараткан келин менен кайын журттун ортосундагы ажырымды бириктиришибиз керек. Кээ бир үй-бүлөлөр ичинде кайын журттун кийлигишүүсүнөн жаш жубайлар ортосунда чыр-чатак чыгып, айрым учурларда келиндер өз жанын кыюуга барышууда. Ошол себептен тиешелүү мамлекеттик органдар үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндердин укуктарын коргоо жаатында кечиктирилгис чараларды көрүшү зарыл", - деди акыйкатчы.

Жаманбаева бул багытта иш алып барган мамлекеттик органдардын ишине көзөмөлдү күчөтүү боюнча Министрлер кабинетине жана Башкы прокуратурага кат жолдогон.

Белгилей кетсек, акыйкатчы Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча ишти өз көзөмөлүнө алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: