Оштогу селге байланыштуу Казакстандын муфтийи Абдулазиз Закировго көңүл айтты

Ага ылайык, боордош өлкөнүн КМДБ жетекчиси кыяндан жабыр тарткан Ош шаары жана Оштогу айрым аймактар үчүн дуба кылып, сел кесепеттери тез арада жоюлушун тилеген.
"Ардактуу Абдулазиз Азирет!
Кыргыз жеринде катталган сел кырсыгына байланыштуу жеке өзүмдүн жана Казакстан мусулмандарынын атынан көңүл айтамын.
Ош ооданынын тургундары, жалпы эле кыргыз боордошторубузга Алла Тааладан жардам сурайбыз. Быйылкы жыл бир тууган кыргыз-казак эли үчүн оңой болгон жок. Биздин элибизде да суу ташкыны болгон учурда казак эли үчүн дуба кылып, гуманитардык көмөк көрсөттүңүздөр. Жаратуучу Эгебиз боорукер ниеттериңизден ыраазы болсун.
Биз да өз кезегинде кыргыз боордошторубуз үчүн дуба кылып, сел кесепети тез арада жоюлсун деп тилейбиз. Раббибиз кеткенди келтирип, кемтикти толтуруп, жабыр тарткан коомго көркөм сабыр берсин. Сел апаатынан кайтыш болгон тургундарды Алла Таала өз мээримине алсын. Кыргыз элине Жараткан Өзү коргоочу болсун", - деп билдирди Ноорузбай ажы Таган уулу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

