super.kg logo

Эммануэль Макрондун коалициясынын талапкери Франция парламентин жетектейт 

 

Президент Эммануэль Макрондун "Бирге" коалициясынын талапкери Яэль Брон-Пиве Франция парламентинин төмөнкү палатасынын төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Саясатчы добуш берүүнүн үчүнчү айлампасында 220 депутаттын колдоосу менен жеңишке жеткен. Ал эми анын негизи атаандашы "Жаңы элдик фронттун" талапкери Андре Шассен 207 парламентарийдин макулдугун алса, "Улуттук биригүүсү" партиясынын өкүлү Себастьян Шеню 141 депутаттын добушун алган.

Өлкөнүн мыйзамы боюнча добуш берүүнүн биринчи жана экинчи турунда талапкерлердин бирөөсү да абсолюттук көпчүлүк добуш ала албаса, анда үчүнчү турда добуштардын салыштырмалуу көпчүлүгүн алган талапкер шайланат. Биринчи айлампада Шассен 200 депутаттын колдоосу менен биринчиге чыккан болчу. Бирок бул спикерликке жетишсиз болгон.

Брон-Пиве буга чейин дагы төмөнкү палатаны жетектеп келген.

7-июлдагы кезексиз парламенттик шайлоодо президенттин партиясы солчулдарга утулуп калгандан кийин төрагалыкты сактап калуу күмөн жаратып жаткан. Бийликтин партиясынын жеңилиши өкмөттү отставкага кетүүгө дагы аргасыз кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: