super.kg logo

Түркиянын Измир шаарындагы токойдо чыккан өрт айылдарга жеткендиги айтылууда (видео)

 

Измир шаарында токойдо ири өрт кырсыгы катталып, шамалдан улам жалын жай тургундардын үйлөрүнө чейин жеткен. Бул туурасында түрк басылмалары жазышууда.

Маалымдалгандай, Газиэмир жана Бужа райондорундагы токойлуу аймактарда кечээ, 18-июлда өрт чыгып, анын кесепетинен эл аралык аэропорт үзгүлтүккө учураган. Кечке жуук жалын турак жайларга жеткен. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.

“Өрттү өчүрүүгө 7 учак, 16 тик учак, 35 жердеги техника, 11 суу ташуучу унаа жана төрт бульдозер тартылган. Түркияда жыл сайын жай мезгилинде чоң токой өрттөрү катталат. 2023-жылы өрт бир нече провинцияга таасирин тийгизген. Орусия өчүрүү иштерине жардам берүү үчүн эки учагын жиберген", - деп айтылат маалыматта.






Түркиянын Измир шаарындагы токойдо чыккан өрт айылдарга жеткенди айтылууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: