УКМК Бишкекте балдардын төрт диний лагери жабылганын билдирди




Бишкекте мыйзамсыз иштеп жаткан балдардын төрт диний лагери жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда УКМКдан билдирди.
Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтпөй иштеп жаткан диний лагерлерде 6-17 жаштагы 120 бала (балдар жана кыздар) билим алып жатышкан.
Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө лагерлерде санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталбаганы, билим берүү программалары да бузулганы аныкталган.
Балдарды дин маселелери боюнча жетиштүү билимге ээ болбогон жаштар окутканы кошумчаланды.
Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Тергөө аяктагандан кийин уюштуруучулардын аракеттерине укуктук баа берилери айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.