super.kg logo
  Спорт  

UWW Олимпиада алдында кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев тууралуу билдирүү жасады

 

Дүйнөлүк күрөш уюму Парижде өтө турган Олимпиада оюндарынын алдында кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев тууралуу социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жасады.

Анда UWW Эрназар Акматалиевдин буга чейинки турнирлердеги жетишкендиктерин белгиледи.

"Кыргызстандын атынан Париж-2024 Олимпиада оюндарына жолдомо алганга чейин Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмакта 13 турнирге, анын ичинде 2021, жана 2023-жылдагы эки Дүйнө чемпиондугуна катышкан. Улуулар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандын атынан чыккан алгачкы эки жылында ал күмүш жана коло медалдарга ээ болгон.

Апрель айында Акматалиев 65 килограмм салмакка түшүп, Кыргызстандын Париж Олимпиадасына 65 килограмм салмактагы лицензиясын сактап калган.

Акматалиев 10-11-августта Парижде күч сынашат. Сиздин оюңузча, ал Кыргызстандын эркин күрөш боюнча Олимпиада оюндарынын жалгыз байге ээси боло алабы?", - деп жазды UWW.

Эрназар Акматалиев кыргыз балбандарынын ичинен эң акыркылардан болуп килемге чыгат. Ал менен Айпери Медет кызы Олимпиадада 10-август күнү күрөшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: