"Ыйлаба, кызым". Камчыбек Ташиев апасына жардам бергиси келип ыйлаган кызга 200 миң сом берди (видео)
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу селден кийин апасына жардам бергиси келип ыйлаган кичинекей кызга акчалай жардам кылып, белек берди.
Оштогу селдин кесепеттерин көрүү учурунда Ташиев кичинекей кыздын ыйлап жатканын байкаган. Аны Ташиев көз жаздымда калтырбай, "эмне болду?" деп сураганда, кыз "апама жардам бергим келип жатат" деп жооп берген.
Кыздын апасы базардагы товарларын селге агызып ийген. Көп өтпөй Камчыбек Ташиев кыз менен апасын кабыл алып, апасына 200 миң сом жана кызга белек тапшырган.
"Апаңды жакшы көрүп ыйладың да, ээ? Мына эми сага Кудайым берип жатат. Ыйлаба, кызым, ээ", - деди Ташиев.
Камчыбек Ташиев апасына жардам бергиси келип ыйлаган кызга жардам берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.