super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Кыргызстандын 21 жашка чейинки улуттук курама командасынын “Шериктештик кубогу-2014” мелдешине барчу курамы белгилүү болду

 

“Шериктештик кубогу-2014” мелдешине аттана турган футбол боюнча Кыргызстан жаштар курама командасынын (21 жашка чейинкилер) курамы бекитилди. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Анарбек Ормонбеков башында турган курамга 24 футболчу кирди. Анын 23ү Кыргызстандын аймагында лигаларда ойносо, 1 футболчу германиялык “Магдебург 1905” клубунда ойнойт.

Эске салсак, мелдеш 24-январда Орусияда старт алат.

Кыргызстан жаштар курама командасы:

Дарбазачылар: Андрей Ситоленко (“Магдебург 1905” клубунда ойнойт), Илим Оморов (“Алга”).

Коргоочулар: Мустафа Юсупов (“Дордой”), Акрам Умаров, Манас Карипов, Мирбек Кудайбердиев (“Абдыш-Ата”), Владислав Барсуков, Кайрат Көлбаев, Тамирлан Козубаев, Егор Найденов (“Ала-Тоо”), Бекжан Нукеш уулу (“Алга”).

Жарым коргоочулар: Авазбек Откеев, Бекжан Сагынбаев ( “Дордой”), Бектур Талгат уулу, Мирбек Ахматалиев, Бахтияр Дүйшөбеков, Фархат Мусабеков (“Абдыш-Ата”), Аман Талантбеков, Санжар Шаршеев, Эльхан Темирбаев, Чыңгыз Идирисов ( “Ала-Тоо”), Бекмурза Дубанаев (“Алай”).

Чабуулчулар: Динмухаммед Таалайбеков (“Дордой”), Кайрат Жыргалбек уулу (“Абдыш-Ата”). 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: