super.kg logo
  Саясат  

Тазабек Икрамов мандатын тапшыргандан кийин алгачкы билдирүүсүн жасады

 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Тазабек Икрамов мандатын тапшыргандан кийинки алгачкы билдирүүсүн социалдык тармактагы бюаракчасына жазды.

Билдирүүсүндө саясатчы бул аракетинин себептерин ачыктаган эмес.

"Урматтуу мекендештер! Кадырлуу шайлоочуларым!

Кудайдын буйругу экен, Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат катары элиме, шайлоочуларыма ак дилимден, чынчылдык менен таза кызмат кылганга болгон аракетимди жумшадым. Ар дайым эл тарапта болдум. Эң биринчи, эки жолу ишеним көргөзүп шайлап берген №13 Сузак шайлоо округундагы эл журтума миң мертебе ыраазычылык билдирип, таазим кылам. Ошентсе да, жеке чечимим, өз каалоом менен депутаттык ишмердүүлүгүмдү токтотуп, мандатымды тапшырдым. Буюрса, эл үчүн кыла турган кызматым али алдыда. Буга чейин эл үчүн кандай күйсөм, ошол принцибим күчөйт, азайбайт! Жалпы мекендештериме, шайлоочуларыма дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирүү менен, жалпыңыздарга аманчылык, бакубатчылык каалайм!
Сиздерди терең урматтоо менен Тазабек Икрамов", - деп жазды ал.
Белгилей кетсек, кечээ, 19-июлда БШК Тазабек Икрамовдун ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде токтоткон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: