"Көрөр күнүбүз бар экен". Караколдо 12 жаштагы бала көлгө чөгүп бара жаткан үч аялды куткарып калды (видео)

Алинур Туратбеков Тоң районунун Ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Мирлан Буканбаевдин жана Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын уюштуруу - тескөөчүлүк бөлүмүнүн улук инспектору Наргиза Осмоналиеванын уулу, коомго кызмат кылуу жана өз ара жардамдашуу баалуулуктары эмделген милициялык үй-бүлөдөн чыккан. Мындан тышкары, Алинур самбо күрөшү менен машыгат.
Окуя , 20-июль күнү кечинде, Алинур апасы жана карындаштары менен көл жээкте эс алып жүргөндө болгон. Жардам сураган үндөрдү уккан Алинур, толкунга туруштук бере албай, чөгүп баштаган аялга жардам берүү үчүн сууга секирип кирген. Ошол маалда эки аял чөгүп жаткан аялга жардам берүүгө аракет кылышкан. Бирок, көлдүн алдындагы оюктарга туш болушуп, кошо чөгүп башташкан.
Сууда сүзүү чеберчилигин жана эрктүүлүгүн көрсөтүп, Алинур чөгүп жаткан аялдарды биринин аркасынан бирин чыгарып, бардыгын жээкке жеткире алган. Анын көрсөткөн эрдиги кырсыктын алдын алып, адамдардын өмүрүн сактап калды.
"Биз уулубуз менен сыймыктанабыз. Анын чечкиндүүлүгү биздин үй-бүлөбүздүн маанилүү сапаттары болгон чыныгы адамгерчили жана кайраттуулук ага негизделгенин тастыктайт", - деди Алинурдун апасы, милициянын майору Наргиза Осмоналиева.
Караколдо 12 жаштагы бала көлгө чөгүп жаткан үч аялды куткарып калды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.