Дональд Трамп кайра шайланса, Украинадагы согушту токтото аларын айтты
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Мичиган штатында тарапташтары менен жолугушуп жатып, эгер президенттик шайлоодо жеңип чыкса, Украинадагы жаңжалды жөнгө саларын айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Мен Орусия менен Украинанын ортосундагы бул коркунучтуу согушту чечем. Мен гана мындай билдирүүнү жасай алам. Мен үчүнчү дүйнөлүк согушту алдын алам", - деген ал.
Белгилей кетсек, Трамп 15-июлда расмий түрдө Республикачылардын атынан президенттикке талапкер болгон. Шайлоо 5-ноябрда өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.