Бишкекте дагы бир жаңы автобус менен КамАЗ сүзүштү
Бишкекте автобус менен КамАЗ кагышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда шаардык мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-июлда саат 10:50 чамасында №4 каттамга тиешелүү "Зонг Тонг" үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу калаадагы Лев Толстой көчөсү менен батышты көздөй бара жатканда, Баткен базары жактан КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа артынан сүзүп токтогон.
Жүргүнчүлөр арасында жабыркагандар жок. КамАЗдын айдоочусу күнөөсүн моюнуна алып, автобуска келтирилген материалдык чыгымды төлөп берүү милдетин алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.