super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Сузак районунда “Көк-Арт” чакан ГЭСин ачты

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 22-июлда Жалал-Абад облусунда “Көк-Арт” чакан ГЭСин ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Сузак районундагы “Көк-Арт” чакан ГЭСинин курулушу былтыр августта башталган. Гидроагрегаттын кубаттуулугу 6,8 МВт түзөт. Жылына болжол менен 25 миллион кВт/саат энергия иштеп чыгат.

Мамлекет башчысы чогулгандарды “Көк-Арт” чакан ГЭСинин ачылышы менен куттуктап, бул гидроэлектростанция аймактын өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгиледи. Ал ошондой эле бул ГЭСтин кыска убакытта бүтүшүнө Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салымы чоң болгонун айтты.

ГЭСтин курулушуна тартылган жалпы инвестициялардын көлөмү 7,8 миллион долларды түзөт. Бул сумманын жарымы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салымы, калган жарымы жеке инвестордун салымы болду.

Президент Жапаров өндүрүлгөн электр кубаты Сузак районунун 10 миңден ашуун калкынын муктаждыгын канааттандырууга жетиштүү экенин айтып өттү. Ал ГЭСти карап чыккандан кийин жергиликтүү тургундар менен баарлашып, суроолоруна жооп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: