super.kg logo
  Саясат  

"Банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

 

Президент Садыр Жапаров “Банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мыйзам 2024-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - Кыргыз жарандарынын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн “Банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү болуп саналат.

"Өзгөртүү киргизилген мыйзам Министрлер кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик катышуу үлүшү бар коммерциялык банктар ("Элдик Банк" ААК, "Айыл Банк2 ААК) аны менен байланыштуу жактын алдында милдеттенмелерди төлөө же башка жол менен аткаруу, банк менен байланыштуу жактан кандайдыр бир мүлктү сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн берүү үчүн кандай жак болбосун бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: