Кыргызстанда курулушка лицензия берүү жөнөкөйлөштүрүлдү
Министрлер кабинетинин токтому менен курулуш тармагын лицензиялоо тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, токтомдо талап кылынган документтердин санын кыскартуу менен лицензия берүү процессин оптималдаштыруу жана аны ыңгайлаштыруу каралган.
Ага ылайык, талап кылынган 23 документтин саны 8ге кыскартылды.
"Бул чаралар ишкерлер жана бизнес коомчулугу үчүн курулуш ишин жүргүзүүгө лицензия алууда жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.