super.kg logo

Концертте уяттуу жерлерин кармалаган Глюкоза өзүнүн жүрүм-турумун түшүндүрдү

 

Глюкоза каймана аты менен таанымал орусиялык ырчы Наталья Чистякова-Ионова Красноярсктагы концертте көпчүлүктү таң калтырган өзүнүн жүрүм-турумун түшүндүрдү. Бул тууралуу РБК басылмасы жазды.

Ырчынын айтымында, чоң энеси каза болуп, мурунку продюсеринин сөздөрүнөн улам акыркы бир ай ага оор болгон. Ал уйкусун жоготуп, өзүн башкача сезе баштаган. Мындан улам ал дарыгер менен психологго кайрылган, жыйынтыгында дарыгер ага уктатуучу дарыларды жана антидепрессанттарды жазып берген.

"Мен жашоомдо биринчи жолу мындай дарыларды ичип жатам жана алар мага кандай таасир этерин билген эмесмин", - деген Глюкоза.

Ырчы көрүүчүлөрдү капа кылганына өкүнүп жатканын айтып, кечирим сураган.

Глюкоза 20-июлда Красноярскта өткөн Металлургдар күнүнө арналган концертте көпчүлүктү таң калтырган. Тагыраагы, ал сахнада көрүүчүлөргө кызыктай суроолорду берип, атүгүл уяттуу жерлерин кармалаган. Мындан тышкары көпчүлүк анын фонограмма менен ырдаганына нааразы болушкан.

Бул окуядан кийин орусиялык продюсер жана композитор Максим Фадеев сот аркылуу ырчыга псевдоним колдонууну жана анын ырларын ырдоого тыюу салууну көздөп юристке кайрылганын билдирди.

Уюштуруучулар дагы Глюкоза келишим боюнча өз милдеттенмелерин туура эмес аткарган деп эсептеп, сотко кайрылышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: