super.kg logo

Тажикстанга 21 бодо малды алып кирүүгө аракет кылган 2 жаран кармалды

 

Баткенден коңшу өлкөгө мал алып кирүүгө аракет кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-июль күнү М.Ы. аттуу жаран Өзгөн шаарынан 21 баш бодо мал сатып алып, жалданган унаа менен Баткен районунун Кара-Бак айылына алып барган. Аларды айылдын Тажикстан менен чектешкен жеринен дагы 2 жаран тосуп алган жана унаадагы малдарды түшүрүп, бакка байлашкан. Чек ара кызматынын кызматкерлери аларды кармоо үчүн барышканда эки адам окуя болгон жерден качып кетишкен. Ал эми шектүү делген М.Ы. жана айдоочу кармалган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренесинин (Кылмыш жасоого аракеттенүү), 231-беренесинин (Экономикалык контрабанда) негизинде кылмыш иши козголгон.

"Буга тиешеси барлардын бардыгы тергөөгө жеткирилип, суракка алынды. Анын негизинде шектүү катары М.Ы. менен К.уулу А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: