super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандык триатлончу Чыңгыз Алканов дүйнөдөгү эң татаал аралыктардын бирин басып өттү (видео)

 

Кыргызстандын Триатлон федерациясынын президенти Чыңгыз Алканов аталган спорттун дүйнөдөгү эң татаал аралыктарынын бирин басып өттү. Бул тууралуу Альпинизм жана тоого чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов социалдык баракчасынан билдирди.

Анын айтымында, бул жол - 140 чакырымга чуркоо, 40 чакырымга сууда сүзүү, 290 чакырымды велосипед менен басып өтүүнү өзүнө камтыйт.

“Enduroman Arch to Arch - дүйнөдөгү эң экстремалдуу жарыш! Чыңгыз Алканов Лондондун Мрамор аркасынан Дувр шаарындагы океандын жээгине чейин 140 чакырымда чуркап, андан ары Ла-Манш аркылуу дээрлик 40 чакырымга сүзүп өттү. Ал эми велосипед менен Париждин Триумф аркасына чейин 290 чакырым жол жүрдү. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында бул аралыкты багындырган алгачкы спортчу болуп калды жана да бул жеңишин Парижге Олимпиадага бара жаткан Кыргызстандын спортчуларына багыштады", - деп билдирген Кубатов.

Айта кетсек, триатлон дүйнөсүндө Arch to Arch аралыгын дүйнө жүзү боюнча 53 гана адам басып өткөн.






Кыргызстандык триатлончу Чынгыз Алканов дүйнөдөгү эң татаал аралыктардын бирин басып өттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: