super.kg logo

УКМК издөөгө алган ЦУМдун ээси Анвар Габбазов Кыргызстанга келип, кылмыш иши токтотулду

 

Бишкектеги “ЦУМ-Айчүрөк” соода борборунун ээси Анвар Габбазовго (азыр Маметов) козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-июлда Габбазов Кыргызстанга келип, анын активдүү катышуусунда тергөө органдары менен тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында ага карата мурда коюлган айыптар Анвар Габбазовдун уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө жана аны каржылоого катышы жоктугунан улам алынып, сотко чейинки өндүрүш токтотулду.

Эске салсак, ага маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМК былтыр ноябрда Габбазовго эл аралык издөө жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.07.2024. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Демек акчанын күчү менен токтотулду, он жыл башта ЦУМда менда жаңы смартфондорду сатып 4 ай отургам, арендасы итимдей кымбат, соодаң болобу болбойбу уруп ойношпойт, сезонго дагы карашпай аренданын акысын түшүрбөй келип жөн албай жаман тиктеп алышат, павильондорду дунгандар менен корейлер ээлеп алышып кыкендерге олчойтуп бир орунду 500$дан өйдө беришет, андан сырткары, администрация мусорго сууга деп дагы бир канча сумманы сурап келе беришип тажатышат, Кыргызча сүйлөгөн адам жок, баардык ЦУМ..
23.07.2024. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
баардык ЦУМ админ кызматкерлери асмандан түшкөнсүп жалаң орусча сүйлөшөт, кайсыл Мамлекетте жашаганыңды түшүнбөйсүң
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: